Путин Украина менен сүйлөшүүлөрдүн шарттарын атады

Автор

“Эгер АКШ Украина сүйлөшүүлөргө даяр деп эсептесе, анда Киевге Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин сүйлөшүүлөргө тыюу салган жарлыгын жокко чыгарууга уруксат беришсин”,-деди Россиянын президенти Владимир Путин.
Владимир Путин сүйлөшүүлөрдүн зарылчылыгы тууралуу кептер украиналык каршы чабуулдун жыйынтыгы болбогондуктан пайда болду деп эсептейт. «Украина контрчабуул деп аталган операцияны жүргүзүп жатат. Албетте, эч кандай жыйынтык жок. Жоготуулар бар”,-деди президент.
Путиндин айтымында, сүйлөшүүлөрдүн максаттарынын бири украин армиясынын согуштук ресурстарын толуктоо каалоосу болушу мүмкүн. Ошол эле учурда президент эгер сүйлөшүү процессин баштоо каалоосу чын ыкластан болсо, украин тарап муну ачык жарыялоосу керектигин белгиледи. «Эгерде бул сүйлөшүү процессинде бир нерсеге жетүүнү чын жүрөктөн каалоо болсо, анда алар жасасын. Бул тууралуу украиндер өздөрү айтышсын, жарлык жокко чыгарылып, коомчулукка жарыя кылынсын»,-деп кошумчалады президент.

Бөлүшүү:
Next Post

ХХII Эл аралык Ысык-Көл оюндары башталды

ХХII Эл аралык Ысык-Көл спорттук оюндарынын салтанаттуу ачылышы өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Мелдешке республиканын бардык аймактарынан жана Өзбекстан, Казакстан, Россия, Иран, АКШ, Кытай жана Швециядан келген 1500ден ашык спортчу катышууда. Мелдештин жүрүшүндө катышуучулар спорттун 24 түрүнөн күч сынашууда: волейбол, кум үстүндөгү волейбол, кичи футбол, кум […]

Сизге жагышы мүмкүн