Путин Мирзиёев менен телефондо сүйлөштү

Автор

Россиянын президенти Владимир Путин Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Алар өлкөлөр ортосундагы, анын ичинде соода-экономикалык чөйрөдөгү мамилелерди өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Мамлекет башчыларынын буга чейинки телефондук сүйлөшүүсү 16-февралда болуп, анда соода тармагындагы кызматташуу да талкууланган. Буга чейин январдын башында Путин менен Мирзиёев энергетика маселесин талкуулоо үчүн телефон чалган. Анда президенттер сооданы көбөйтүүнү макулдашкан.

Бөлүшүү:
Next Post

Эмне үчүн антибиотиктер организм үчүн коркунучтуу?

Антибиотиктерди көзөмөлсүз колдонуунун кесепети өтө коркунучтуу. Алар боорго, бөйрөккө, кан түзүүчү органдарга уулуу зыян келтириши мүмкүн.  Угуу нервин, аллергияны, тарамыштын үзүлүшүн, кээ бир дарылар менен айкалышып, жүрөктүн оор аритмиясынын өнүгүшүнө алып келет. Антибиотиктердин таасири астында организм ар кандай инфекцияларга өз алдынча туруштук берүү жөндөмүн жоготот. Мындан тышкары, аларды кеңири колдонуу […]

Сизге жагышы мүмкүн