Аномалдуу аптап, кургакчылыктан улам түлөө өткөрүштү

Автор

Казакстандын Павлодар облусунда 7-июнда тургундар жамгыр чакырып, түлөө өткөрүштү. Жамааттык намазга облустун бардык аймактарынан имамдар чогулуп, аларга 500дөн ашуун дин өкүлдөрү катышты. Бир жумадан бери күн ысып, термометрлер +36 градусту көрсөтүп, нормадан 11 градуска жогору болуп жатат.
Мындай кургакчыл жыл жергиликтүү тургундардын эсинде жок. Акыркы жолу өткөн айда жамгыр жааган. Ошондуктан жамгырды дуба менен чакырууну чечишкен. Жамааттык намазга облустун бардык аймактарынан имамдар келишти. Аларга 500дөн ашык диндарлар кошулду.

Бөлүшүү:
Next Post

Быйыл жол тармагына 3,9 млрд сом жумшалды

Ушул жылдын беш айында жол тармагына 3,9 млрд. сом сарпталды. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти. Белгилеп кетсек, 2023-жылы Транспорт жана коммуникация министрлигине 17,8 млрд. сом каралган. Быйылкы жылга карата жол тармагынын негизги иш-чаралары:   жол-курулуш техникасын сатып алуу; битум сатып алуу; жолдорду асфальттоо; жолдорду оңдоо жана куруу болуп саналат. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн