Путиндин визиттик картасы 2 миллион рублга сатылды

Автор

Россиянын президенти Владимир Путиндин 1990-жылдардагы визиттик картасы электрондук аукциондо 2 миллион рублга сатылганын Санкт-Петербургдагы аукцион үйүнүн жетектөөчү адиси Финист Цыганков билдирди.
«Путин Владимир Владимирович. Эл депутаттарынын Ленинград шаардык Советинин председателинин эл аралык байланыштар боюнча кеңешчиси»,-деп жазылган визиттик карточкада.
Максималдуу сунуш 2,8 миң рублди түзгөн. Баштапкы баасы 1 миң рубль болгон, ал эми аукцион башталганга беш саат калганда максималдуу сунуш 200 миң рубль болгон.
Владимир Путин 1990-1991-жылдары Ленинград шаардык кеңешинин төрагасынын кеңешчиси болуп иштеген.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргыз - Өзбек футболчулары Дубайда беттешет

Кыргызстан менен Өзбекстандын футбол курама командалары бүгүн, 25-декабрда Дубайда контролдук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти. Маалыматка ылайык, беттеш машыгуулар алкагында өтүп, анда оюнчуларды алмаштыруу мүмкүнчүлүгү чектелбейт. “Эки команда тең 2023-жылкы Азия Кубогуна даярданып жаткандыктан, беттеш түз эфирсиз жана көрүүчүлөр жок жабык форматта орун алат”, – деп айтылат […]

Сизге жагышы мүмкүн