Прокуратура кызматкери пара менен кармалды

Автор

Чүй облусунун прокуратурасынын башкы адиси А.У.А. 20 миң АКШ долларын алып жаткан жеринен кармалды.  Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 23-июнунда 20 000 АКШ долларын алып жаткан жеринен Чүй облусунун прокуратурасынын бөлүмүнүн башкы адиси А.У.А. кармалган. Ал арыз ээсине карата жүргүзүлгөн текшерүүнүн материалдарынын негизинде кылмыш ишин козгобоо үчүн 50 000 АКШ доллары өлчөмүндө опузалап акча талап кылган.

Кармалган кызматкер тергөө аяктаганга чейин КР УКМКнын тергөө абагына камалды.

Бөлүшүү:
Next Post

Зеленский согуш жүрүп жаткан аймакка барды

Украинанын президенти Владимир Зеленский Донбасстын Киев көзөмөлдөгөн бөлүгүндө украин аскерлери жайгашкан жерге барды. Ал Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн  кургактагы күчтөрүнүн командачысы Александр Сырскийдин Артёмовск багытындагы кырдаал боюнча баяндамасын укту. Зеленский бул аймакты эң татаал аймактардын бири деп атды.  “Чыгыш багыты абдан кыйын экенин баары билет”, – деди. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн