АКШ кыргызстандыктарга туристтик жана ишкерлик визаны 10 жылга узартты

Автор

АКШ 4-марттан тарта Кыргызстандын жарандарына берилүүчү туристтик жана ишкерлик визанын мөөнөтүн 5 жылдан 10 жылга узартты. Бул тууралуу Американын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жаңы өзгөртүү B1, B2 жана B1/B2 визалары үчүн ушул жылдын 4-мартынан тарта берилген визаларга тиешелүү. Ал эми буга чейин берилген визалардын мөөнөтү узартылбайт.
Кыргызстандыктар үчүн $20 өз ара төлөм да B1/B2 визалары үчүн алынып салынган. Ушул жылдын жай айларында консулдук кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу үчүн да бир катар иштер жасалары айтылган.
«Америка Кошмо Штаттары саякаттарды жеңилдетип, америкалыктар менен кыргыз элинин ортосундагы байланыштарды тереңдетүүгө умтулат», — деп айтылат билдирүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Аптанын икаясы: Бакыт жөнүндө

Кудай ылайдан адамдын калыбын жасап бүткөндөн кийин колдонулбаган бир бөлүгү артып калат. – Дагы эмнени кошуп берсем деп сурайт Кудай. “Мага Бакытты кошуп бер”, – дейт адам. Кудай унчукпастан калган чопону адамдын алаканына салды. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн