Премьер-министр: Барымтадагылар бошотулмайынча элдешүү болбойт

Автор

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху барымтадагылар бошотулмайынча Газа тилкесинде элдешүү болбой турганын айтты.
«Израиль убактылуу ок атууну токтотуудан баш тартат.  Газа тилкесине күйүүчү майдын киргизилишине жол бербейт жана каражаттын которулушуна каршы»,-деди Нетаньяху АКШнын мамлекеттик катчысы Антони Блинкен менен жолугушууда.
Блинкендин Израилге сапары тууралуу айтып жатып, азыркы кырдаалда АКШнын колдоосун жогору баалай турганын белгиледи.
Ал ошондой эле Израил жеңишке чейин,  ХАМАС тобу жок кылынмайынча, барымтадагылар бошотулмайынча жана израилдиктердин коопсуздугу камсыз кылынмайынча токтобой турганын кошумчалады.

Бөлүшүү:
Next Post

Жай тургунду кыйнаган окуя териштирилет

Колу байланып, көздөрү таңылган Палестиналык жаранды кыйноого алган Израил аскеринин видеосу тарады. Бул абалды териштирүүгө алган Израил куралдуу күчтөрү видеодогу аскерге кылмыш иш козголгонун билдирди. Окуядан кийин дүйнө коомчулугу жай тургунду кыйноого алуу кылмыш экенин айтып, Жөөт мамлекетин айыпташкан эле. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн