Президент Ысык-Көлдүн таштандыга толгонуна ачууланды

Автор

Президент Садыр Жапаров бүгүн өлкөнүн куткаруучуларын сыйлоо салтанаттуу аземинде кыргызстандыктарды өлкөнүн жаратылышын сактоого жана тартипке чакырды.

Ысык-Көлдүн экологиясы тууралуу айтып жатып, мамлекет башчысы “Экология темасын улай көлдүк туугандарыма кайрылып кетейин. Суучулдарыбыз иштин оордугуна карабастан төрт айга жетпеген убакыт ичинде 96 000 метрге жакын тор, 6 тоннага жакын таштандыны чыгарышты. Салган торлоруңар унутулуп калып, түшкөн балыктар чирип, жыттанып кеткен учурлар аябай көп болуп жатат. Бул эмне деген акмакчылык?! 96 миң метр деген бул 96 чакырым. Көлдүн түбүнүн баары тор болуп кеткен. Келиңиздер, адам баласыбыз го акыры, балыктарга дагы 3 жыл, 5 жыл тынч жашоо бербейлиби. Мораторий кирген, балык жебей койсоңор эч нерсе болбойт”, — деди

Бөлүшүү:
Next Post

17-июнда Бишкектин айрым көчөлөрү жабылат

Келе жаткан ишембиде, 17-июнда, Бишкектин чыгыш тарабы саат 20:30дан 00:00гө чейин жабылат Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, калаада жыл сайын өтүүчү KFC Night Run жарышы болот. Жөө күлүктөр өздөрүнүн тандаган аралыгына жараша 5, 10 жана 21,1 чакырымга чуркашат. Жабыла турган көчөлөр:   Валиханов көчөсүнүн чыгыш тарабы — Анкара көчөсүнөн тарта […]

Сизге жагышы мүмкүн