Президент Садыр Жапаров жаштар жөнүндөгү мыйзамга кол койду

Автор

Президент Садыр Жапаров «Жаштар жөнүндө» КР Мыйзамына кол койду.

 

Мыйзам 2023-жылдын 21-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

 

Ушул мыйзамдын максаты – жаштар саясатын калыптандыруунун, ошондой эле жаштарды мамлекеттик ишмердүүлүктүн бардык чөйрөлөрүнө тартуунун механизмдерин аныктоо болуп саналат.

 

Мыйзамда жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишинин негизги багыттары, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жаштарды жана жаштардын аялуу топторун тартуу үчүн бирдей шарттарды түзүү, жаштар саясатын калыптандыруу жана ишке ашырууда мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсү, алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ишкердикти өнүктүрүүгө жана жаштарды иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү, мамлекеттик жаштар саясатын финансылык жактан камсыз кылуу маселелери каралган.

Бөлүшүү:
Next Post

АКШ Жакынкы Чыгышка аскерлерин жиберди

АКШ Жакынкы Чыгышка кошумча аскер күчтөрүн жайгаштырды. Аскер-деңиз флотунун 5-флотунун басма сөз кызматы маалымдагандай, “Батаан” жана “Картер Холл” десанттык кораблдеринин бортунда 3 миңден ашык аскер жөнөтүлгөн. Аймакка АКШнын Аскер-деңиз флотунун жана деңиз жөө аскерлеринин кошумча кызматкерлери гана эмес, учактар, тик учактар, десанттык түзүмдөр өткөрүлө турганы белгиленди. Мамлекеттик департаменттин басма сөз […]

Сизге жагышы мүмкүн