БУУ Газадагы кыйроолорго спутник аркылуу баа берди

Автор

БУУнун Спутник борбору (UNOSAT) Израилдин ХАМАС кыймылы менен согушунун натыйжасында Газа тилкесиндеги кыйроолордун масштабына баа берди. Спутниктен тартылган сүрөттөрүнүн негизинде UNOSAT Газа тилкесиндеги бардык имараттардын 18 пайызы согуштун натыйжасында талкаланган деген жыйынтыкка келген.
Анализге ылайык, анклавдагы 10 049 имарат талкаланып, 8 243ү оор, 19 087си орто бузулган. Жалпысынан 37 379 имарат жабыркаган.
Израиль менен ХАМАСтын ортосундагы согуш 7-октябрдан бери уланууда. 10-декабрда Газанын Саламаттыкты сактоо министрлиги 18 миңдей киши набыт болгонун, жарадарлардын саны 49,5 миңге жеткенин билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

“Айтматов жана театр” VI эл аралык театр фестивалы жыйынтыкталды

Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган “Айтматов жана театр” VI эл аралык театр фестивалы ийгиликтүү жыйынтыкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет. Фестивалдын жабылыш аземине мданият министри Алтынбек Максүтов катышып, сыйлык ээлерин куттуктап, жеңүүчүлөргө сыйлыктарын тапшырды. Министр өз сөзүндө алтынчы ирет өтүп жаткан фестивалдын максаты ынтымакты, достукту […]

Сизге жагышы мүмкүн