Президент жергиликтүү жетекчилерди сындады

Автор

Ош облусуна болгон иш сапары учурунда президент Сузак районундагы окуя боюнча пикирин билдирип, райондун жетекчилерин күнөөлөдү.
“Ал жерде ИИМдин, билим берүүнүн, МАИнин жана башка кызматтардын райондук бөлүмүнүн жетекчилери, андан сырткары 13 милиция кызматкери жүрдү. Ошолордун компетентсиздигинен окуя болуп кетти. Эгер алар укмуш, кыйын кадр болушканда кырсык катталмак эмес. МАИлер унааларды балдардын баш жагына эмес этек жагына токтотушмак”,- деди президент.
Ошондой эле ал 30 жылдан бери кадрлар даярдалбай тааныш – билиш, пара жолдору менен кызматтар берилип келгенин айтты. “Мен эл менен жолугушканда бийликтин үстү жагы жакшы иштеп жатасыңар бирок, ылдыйкы жак уктап эле жатат деп айтышат. Ал эмнеден? Ал ылдыйкы звенодогу жетекчилердин денгээлинин төмөндүгүнөн”,- деп билдирди Садыр Жапаров.

Бөлүшүү:
Next Post

Күйүүчү-майлоочу майлар кымбаттады

Жыл башынан бери Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу май 2-3 сомго кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин мониторингинде айтылды. Ага ылайык, бензиндин АИ-95 үлгүсүнүн орточо баасы январда 70 сом болсо, апрелде 71-72 сом болду. Бензиндин АИ-92 үлгүсү 61-62 сомдон 64-65 сомго көтөрүлсө, АИ-80 үлгүсү 58-59 сомдун тегерегинде болууда. Дизель наркы жыл башынан бери […]

Сизге жагышы мүмкүн