Поезддер абада жүрө баштады

Автор

Кытайдын Ухань шаарында учкучсуз учуучу поезддер ишке кирди. Асма поезд монорельске бекитилет. Сыйымдуулугу болжол менен 200 жүргүнчү. Алар терезеден гана эмес, полдогу айнек панелдерден да пейзаждарды көрө алышат. Максималдуу ылдамдыгы азыр 60 км/саатка чейин жетет. Тетиктердин 95 пайызы ата мекендик өндүрүшкө таандык. Поезд сыноо режиминде жүрүп жатат.
Коммерциялык максатта жыл аягына чейин колдонула баштайт. Дизайнерлердин айтымында, мындай транспортторду шаарлардагы объектилердин, мисалы, метро менен аэропорттун терминалдарынын ортосундагы байланышты жакшыртуу үчүн колдонсо болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Кайсы таттуулар ден соолукка пайдалуу?

Баардык эле таттуу азыктар биздин ден соолугубуздун жана келбетибиздин душманы болуп эсептелбейт. Көпчүлүк айымдар таттуулар ден соолукка зыян, анан калса ашыкча салмак  кошууга алып келет деп ар бир жеген торттон, пирожныйдан кийин өздөрүн жаман сезишет. Бирок бир аз өлчөмдө жеген учурда организмге пайда гана алып келе турган таттуу азыктар бар. […]

Сизге жагышы мүмкүн