“Париж -2024”: Орусия спортчуларын Олимпиадага чакырбоого  Кремль үн катты

Автор

“Эл аралык Олимпиада комитети Орусия  жана беларусиялык спортчуларды Париж Олимпиадасына чакырбоо  бул  саясатташкан жана адилетсиз чечим”. Мындай пикирин Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

“Биз муну адилеттүү деп эсептебейбиз. Биздин позициябыз баарына белгилүү. Биз спорттун саясатташтырылышына караманча каршыбыз. Эл аралык мелдештерге катышууга укугубуз бар”, – деди Песков “Россия 24” телеканалынын эфиринде.

Буга чейин Эл аралык Олимпиада комитети Орусия менен Беларуссияга  26-июлда жөнөтүлө турган Олимпиада оюндарына чакыруу албастыгын билдирген.

Эске салсак, 2022-жылдын жазында Эл аралык Олимпиада комитети Украинадагы окуяларга байланыштуу спорт федерацияларына орус жана белорус спортчуларын турнирлерге катышууга тыюу салууну сунуштаган.

Бөлүшүү:
Next Post

Абрикостун пайдалары

Абрикостун  мекенин так аныктоо өтө кыйын. Бир версия боюнча Армениядан келген  соодагерлердин аркасы менен жайылган. Мындай пикир  Байыркы Грецияда жана Римде өрүк “армян алмасы” деп аталганына негизделген. Болгону миң жыл мурун бул жемишти араб окумуштуулары да аташкан. Буга чейин Арменияда өрүк улуттун символу катары эсептелинет. Ал тургай бул өлкөдө өтүп […]

Сизге жагышы мүмкүн