Париж -2024: Кыргызстандык эки балбан Олимпиадага жолдомо утту

Автор

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасынын мүчөлөрү Бекзат Алмаз уулу (57 кг) жана Эрназар Акматалиев (65 кг) Париждеги Олимпиадага жолдомо утуп алды.
Бишкекте өткөн Азия Олимпиадалык квалификациялык мелдеште финалга чыккан споотчулар автоматтык түрдө Олимпиада оюндарына жолдомо алат.
57 кг чейинки салмак ченинде Бекзат Алмаз уулу 1/8 финалдык баскычтан баштап Палестина өлкөсүнөн келген Али Абурумайла аттуу балбанды 6:2 эсеби менен утту. 1/4 финалда кытайлык балбанды жеңип жарым финалга чыкты. Ал эми финалдык беттеште кыргыз балбаны монголиялык Мункх Эрдене Батхуяг аттуу спортчу менен кызуу беттеш өткөрүп, 3:3 эсебинде акыркы аракеттин жыйынтыгында жеңишти сууруп чыкты
65 кг чейинки салмакта Эрназар Акматалиев чейрек финалга чыгуу үчүн ирактык Мохаммед Каримди 10:0 эсебинде жеңди. Кийинки баскычта кытайлык балбан менен кыл чайнашкан беттеш өткөрүп, жыйынтыгында 12:6 эсебинде жеңишти камсыздай алды. Ал эми жарым финалда Кванг Жин Ким аттуу Түштүк Кореядан келген балбан менен күч сынашып, жыйынтыгында 5:3 менен жеңип жолдомо утту.

Бөлүшүү:
Next Post

Астанада Айкөл Манастын айкели ачылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Астана шаарында Казакстан Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында Айкөл Манастын айкелинин ачылыш аземине катышты. Кыргызстан менен Казакстандын Президенттери биргелешип Кабанбай баатыр көчөсүндөгү сейил бакка – жанына боз үй шаарчасы тигилген Айкөл Манастын эстелигине барышты. Эстелик Казакстандын баш калаасындагы Кабанбай баатыр атындагы борбордук көчөлөрдүн бирине орнотулду. Айкелдин […]

Сизге жагышы мүмкүн