Палестин лидери Газаны көзөмөлгө алууга даяр экенин ырастады

Автор

Газа тилкеси Палестина мамлекетинин көзөмөлүнө өтүшү мүмкүн.  Бул тууралуу Палестинанын президенти Махмуд Аббас билдирди.
Ал кошумчалагандай, бул Батыш Шериадагы жана Чыгыш Иерусалимдеги абалды жөнгө салышы керек болгон комплекстүү саясий чечимдин алкагында гана мүмкүн.
Газа тилкесинин Палестинанын ажырагыс бир бөлүгү экенин баса белгилеген Аббас «Чыгыш Иерусалим жана Газа тилкеси менен бирге бүт Батыш Шерианы камтыган кеңири саясий чечимдин алкагында жоопкерчиликтерибизди толук аткарабыз»,-деди.
Махмуд Аббас аны менен сүйлөшүү үчүн  Иорданиянын Батыш жээгине барган АКШнын мамлекеттик катчысы Антони Блинкен менен жолугушту.  Тараптар Газа тилкесинин келечегин талкуулашты.

Бөлүшүү:
Next Post

"Акшумкарлар"  дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарына катышат

Кыргызстандын курама командасы ноябрь айында 2026-жылы өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарына катышат. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди. Улуттук команда Малайзия, Оман жана Тайвань командалары менен бирге D тайпасына түштү. Ноябрдын орто ченинде дүйнөлүк чемпионатка тандоонун алгачкы эки беттеши өтөт. “16-ноябрда башкы машыктыруучу Стефан Таркович баш болгон […]

Сизге жагышы мүмкүн