Пакистан Иранга сокку урду

Автор

Пакистандын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, Пакистан Ирандын түштүк-чыгышындагы Систан жана Белужистан аймагындагы террорчулардын баш калкалоочу жайларына бир катар сокку урду. Аскердик операциянын натыйжасында бир нече согушкер жок кылынганы билдирилди.
Анадолу агенттигинин маалыматына ылайык, Пакистан армиясы Пакистанда жана башка бир катар өлкөлөрдө террорист деп таанылган Белужистан боштондук армиясынын жети бутасына чабуул койгон.
Губернатордун орун басары Алирез Мархамати Mehr агенттигине билдиргендей, жардыруу Ирандын түштүк-чыгышындагы Сераван шаарына жакын жерде болгон. Систан жана Белужистан Ирандын экинчи чоң аймагы, Пакистан жана Афганистан менен чектешет.

Бөлүшүү:
Next Post

Азия кубогу: Катар курамасы плей-офф баскычына чыкты

Футбол боюнча Катар курама командасы Тажикстанды жеңип, мөөнөтүнөн мурда плей-оффко баскычына чыкты Экинчи айлампадагы беттеште мелдештин кожоюндары Тажикстандын командасы менен беттешип, 1:0 эсебинде жеңишке жетишти. Биринчи таймдагы жалгыз голдун автору Акрам Афиф болду. Бул анын турнирдеги үчүнчү голу болуп саналат. Биринчи турда катарлыктар Ливанды 3:0 эсебинде утуп алышкан. Экинчи турдан […]

Сизге жагышы мүмкүн