Пакистанда Жаңы жылды майрамдоого тыюу салынды

Автор

Пакистанда жаңы жылды палестиналыктар менен тилектештиктин белгиси катары майрамдоого тыюу салынганын Убактылуу өкмөт башчы Анваар-уль-Хак Какар билдирди. Саясатчы бейшемби күнү өлкөнүн бардык аймагында Жаңы жылды майрамдоого тыюу салынганын жарыялады. Бул чечим Израилдин ырайымсыздыгына дуушар болгон палестиналыктарга тилектештигине байланыштуу. «Пакистан эли кайгылуу абалда, ошондуктан азыркы кырдаалды эске алуу менен Пакистан өкмөтү Жаңы жылды майрамдоого тыюу салуу чечимин кабыл алды»,-деди премьер-министр. Какар пакистандыктарды 2024-жылдын биринчи таңын жөнөкөй тосуп алууга үндөдү.

Бөлүшүү:
Next Post

Жаңы жылды кайсы өлкөлөр тоспойт?

Постсоветтик өлкөлөрдүн тургундарынын басымдуу көпчүлүгү үчүн Жаңы жыл негизги майрамдардын бири болуп саналат. Бул жерде аны майрамдык дасторкондо салттуу оюн-зоок, жарашыктуу балаты, оюнчуктар, белектер жана Аяз ата тосуп алат. Бирок бул майрамга ар бир өлкөнүн өз мамилеси бар. Мисалы, европалыктар жана америкалыктар үчүн Рождество Жаңы жылдан алда канча чоң мааниге […]

Сизге жагышы мүмкүн