Ош шаарындагы мыйзамсыз соода жайлары алынууда

Автор

Ош шаарындагы мыйзамсыз, келишим эрежелерин сактабаган коомдук тамактануучу жана соода жайлары бузула баштады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда буфердик зонада жайгашкан Green Hоuse кафесин, Султан Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театрынын алдындагы жашыл аймакта жайгашкан “Сансара” кафесин, ошондой эле гүл жана соода-сатык багытындагы түйүндөрүн алып салуу иштери жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, аталган жайлардын ээлерине буга чейин Ош шаарынын мэриясы, тиешелүү мекеме-ишканалар тарабынан бир канча жолу эскертүүлөр берилген, бирок аткарылган эмес.

Бөлүшүү:
Next Post

Түмөнбаев кызматтан алынды

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Турусбек Түмөнбаев кызматтан алынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, мэрия тарабынан 2023-жылдын август айында «Бишкекасфальтсервис» ишканасына подряддык уюмдар менен биргеликте шаардын көчөлөрүнүн борбордук бөлүгүндө жайгашкан тротуарларды капиталдык оңдоодон өткөрүү тапшырылган. Тротуарларды капиталдык оңдоо 21 көчөнү камтуу менен каралган. Бул ишти 12 […]

Сизге жагышы мүмкүн