“Кыргыз Индустрия” боюнча тергөө иштери уланып жатат

Автор

“Кыргыз Индустрия” мамлекеттик ишканасы боюнча текшерүүлөр жүрүп, мыйзам бузуулар аныкталган. Бөлүнүп берилген каражат максатсыз колдонулган. Бул маселени биз УКМКга өткөрүп бергенбиз”,- деп билдирди Эсептөө палатасынын төрагасы Алмаз Акматов. Депутат Жеңишбек Шермаматов “ал киши эсептөө палатасынын текшерүүсүн кабыл албайм сотко берем деди. Бул жагы кандай болот”,- деп сурады. Депутаттын суроосуна Алмаз Акматов “ар бир аудиттин жыйынтыгы боюнча Эсептөө палатасынын өзүнүн кеңеши бар. Ал жерде 9 аудит кеңештин мүчөсү болуп эсептелинет. Биз кеңеш өтүп жатканда аталган мекеменин жетекчилери эч кандай каршылык билдирбей эле баарына макул болуп, ордуна коёбуз деген”,- деп жооп берди. Ал эми УКМК төрагасынын орун басары учурда тергөө иштери уланып жатканын билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Жол салуу жана оңдоп-түзөөгө 6 млрд бөлүндү

Ушул жылы өлкөбүздүн жолдорун оңдоп-түзөөгө жана салууга 6 млрд сом бөлүнгөн. Мындай маалыматты Министрлер кабинетинин төрага орун басары Бакыт Төрөбаев таратты. Ал Транспорт министрлигине 84 бирдик атайын техниканы тапшырып жатып, «ушул жылдын аягына чейин өлкө аймагы боюнча 855 чакырым жол куруу жана оңдоо иштери каралган. 587 чакырымга асфальт төшөлүп, 178 […]

Сизге жагышы мүмкүн