Ошто “Бий искусствосу-2023” эл аралык бий фестивалы башталды

Автор

Ош шаарында Бабур атындагы өзбек музыкалык драма театрынын алдында алгачкы ирет “Бий искусствосу-2023” эл аралык бий фестивалы башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, фестивалдын ачылыш аземине Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, шаардык кеңештин депутаты Болот Баетов катышып, жалпы бий өнөр ээлерин салтанаттуу куттукташты.

Иш-чаранын алкагында бийчилердин жөө жүрүшү болуп, республиканын бардык аймактарынан жана чет өлкөдөн келген кол өнөрчүлөрдүн көргөзмө-жарманкеси өттү.

Белгилей кетсек бий фестивалына Индия, Өзбекстан, Казакстан, Россия жана Кыргызстандын таланттары катышууда. Иш-чара 19-августка чейин уланат.

Бөлүшүү:
Next Post

Маданият, искусство жана спорт чөйрөсүнө 670 млн сомдон ашуун каражат бөлүндү

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен маданият, искусство жана спорт чөйрөсүнө 673 млн 515 миң бюджеттик каражат бөлүндү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Мамлекет башчысы “Маданият, искусство жана спорт чөйрөсүн мамлекеттик колдоонун кечиктирилгис чаралары жөнүндө” Жарлыкка кол коюп, ага ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине көрсөтүлгөн каражатты бөлүү тапшырылды. Жарлыкка […]

Сизге жагышы мүмкүн