Орусиялык ишкер камакка алынды

Автор

Россиялык ишкер Александр Гайдуков УКМКнын тергөө абагына камалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан кабарлады.

Маалыматка ылайык, ага карата баш коргоо чарасы сентябрдын башында тандалган. Гайдуков 6-октябрга чейин абакта болот.

Ишкерге Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси (“Кылмыштуу акчаны адалдоо”) боюнча иш козголгон. Бул үчүн мүлкүн конфискациялоо менен үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө темир тордун ичине отургузуу каралган. Ошондой эле эки жылга чейин белгилүү бир кызматтарды ээлөө же айрым иштерди жүргүзүү укугунан ажыратылат.

Эске салсак, 62 жаштагы Гайдуковго эки ирет кол салуу болгон. Биринчиси, 2016-жылы, экинчиси  Исанов көчөсүндө Гайдуковдун кеңсеси жайгашкан жерде жарылуу болуп, ишкер жабыркаган.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте шаурмадан уулангандардын саны 43кө жетти

Бишкекте тез татымдан шаурма жеп уулангандардын саны 43кө жетти. Бул тууралуу  Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, жалпы Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооурканасына кайралгандардын саны 43 адамды түзүп, анын ичинен 23ү жаткырылды, анын экөөсү – балдар. Белгиленгендей, жабыокагандардын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык.”Алардын бары зарыл болгон дары-дармектер менен камсыз болушту. 20 адам […]

Сизге жагышы мүмкүн