Орточо айлык акы 32 миң 142 сомду түздү

Автор

2023-жылы январь-ноябрда номиналдуу орточо айлык акы 32 миң 142 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов Бишкекте өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымында, 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү 20,6%ды түзгөн.
Ал айрыкча айлык акылардын өсүүсү мамлекеттик башкаруу, коргоо, социалдык камсыздоо, суу менен камсыздоо жана тазалоо чөйрөсүндө, ошондой эле кыймылсыз мүлктү алуу-сатуу, дүң жана чекене сатуу, унааларды дана мотоциклдерди оңдоо, курулуш жана маалымат чөйрөлөрүндө байкалгандыгын белгиледи.

Бөлүшүү:
Next Post

83 жаштагы ханыша тактыдан баш тартты

52 жыл башкарган королева Маргрете II тактыдан баш тарткандан кийин анын 55 жаштагы уулу Фредерик Х Даниянын падышасы болду. Ханыша мындай ниетин жаңы жылдык кайрылуусунда билдирген. 14-январда королдук Кристиансборг сепилинде министрлердин жыйынында 83 жаштагы ханыша Маргерет II тактыдан баш тартты. Даниянын премьер-министри Метте Фредериксен жаңы башкаруучуну сепилдин балконунда жарыялады. Тактан […]

Сизге жагышы мүмкүн