Орозо – бардык жагынан пайдалуу

Автор

Орозо турмуштун ар бир жагдайына зарыл экенин эске алалы. Орозонун бул өзгөчөлүгү ибадаттарды мечит жана үйдө эле эмес сырта чыгарган сыяктуу.
НАПСИ
Орозо аркылуу адам напсини бузууга аракет кылган шайтандын азгырыгынан сактанат. Напсисин тыюга аракет кылат. Тамакка, аялга жана дүнүйөгө көз артпагандай абалда болот. Буларга байланыштуу ойлордон алыс, эркин болот.
БАШ ИЙҮҮ
Оюбузга келген бардык муктаждык жана жетишпестиктер сөз болбойт. Бай же колунда жок болобу орозо кармап жатканда жебейт, ичпейт. Көпчүлүк учурда адамдык калоолор, талаптар унутулат.
САБЫР
Орозонун эң чоң пайдаларынын бири адамды сабырдуу болууга көндүргөнү. Орозо туткан адам сабырдуулук боюнча билим алган сыяктуу. Анткени ал ачка болгондо тамак жебей, суусаса суу ичпейт. Бул чыдамдуулукка үйрөтөт. Ал эми ага жамандык кылгандарга “Мен Орозомун” деп айтып, сабырдуу, көтөрүмдүү мамиле менен жооп кайтарат.
ЖАШОО
Рамазан айында коомчулук менен тыгыз байланыштуу иштерди аткарганга аракет кылуу керек. Көптөгөн адамдар менен түрдүү байланыштарды түзүп, жакшы иштерге, жакшылыктарга себеп болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандык грек-римчилер (U-20) эл аралык мелдеште төрт медаль утту

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча жаштар (U-20) курама командасынын мүчөлөрү эл аралык мелдеште бир күмүш, үч коло медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Жаксылык Ушкемпировдун жаркын элесине арналган мелдеш Казакстандын Астана шаарында 11-13-март күндөрү өткөн. Байгелүү орунга илингендер: Кубаныч Арынов (60 кг) — күмүш; Куттубек […]

Сизге жагышы мүмкүн