Миңдеген афгандыктар Пакистандан чыгып кетишти

Автор

Он миңдеген афгандыктар Пакистандан чыгып кетишти.  Республика бардык мыйзамсыз мигранттарды өлкөдөн чыгып кетүүгө буйрук берди.  Укук коргоочу уюмдар депортацияны токтотууга чакырышты.

Миңдеген Афгандыктар Пакистандан чыгып, мекенине кайтууга аргасыз болушту.  Эске сала кетсек, буга чейин республиканын бийликтери бул өлкөдөн келген бардык мыйзамсыз качкындарды – болжол менен 1,7 миллион адамды 1-ноябрга чейин өлкөдөн чыгып кетүүгө буйрук берген.

БУУнун Качкындар боюнча комиссариаты менен Эл аралык миграция уюмунун маалыматы боюнча, 3-октябрдан 15-октябрга чейин он миңдеген афгандыктар республикадан чыгып кетишкен.

Алардын айтымында, мекенине кайткан афгандардын айрымдары кыйноого жана башка катаал жазаларга туш болушат.

Пакистан өкмөтү өлкөдө 4,4 миллионго жакын афган качкындары бар экенин билдирди.  Бирок алардын 1 миллион 700 миңинин жарактуу документтери жок.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда расмий жумушсуздардын саны 6% кыскарды

Жыл башынан бери Кыргызстанда расмий жумушсуздардын саны 6 пайызга кыскарды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, жумушсуздуктун эң төмөнкү деңгээли Бишкек жана Чүй облусунда, эң жогоркусу Баткен жана Жалал-Абад облустарында катталды. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн