Мураталы Тагаев Бишкектин Ленин районунун акими болуп дайындалды

Автор

Мураталы Тагаев Бишкектин Ленин районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Тиешелүү буйрукка калаа башчысы милбек Абдыкадыров кол койгон. “Аким КРнын “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамынын 21-беренесине, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КР мыйзамынын 17-беренесине, КРнын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын реестрине ылайык дайындалды”, – деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Мураталы Тагаев буга чейин Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун акими кызматы аркалап келген. Президент 31-мартта кол койгон тескеменин негизинде Жети-Өгүз районунун акими кызматынан бошотулган.

Бөлүшүү:
Next Post

1-апрелде күтүлгөн аба ырайы

1-апрелде Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.   Абанын температурасы:   Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19;   Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16;   Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25;   Ысык-Көл […]

Сизге жагышы мүмкүн