Нооруз – 2023: Көк бөрү оюну боюнча үчүнчү күндүн жыйынтыгы

Автор

Бишкектин Аккула ат майданында  “Нооруз-2023” элдик майрамына арналган ат оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча мелдешинин үчүнчү күнү жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, оюн талаасында жогорку, экини лига жана 40 жаштан өйдө курама командалары беттешти.

Үчүнчү күндүн жыйынтыгы:

“Кетмен-Төбө” жана “Ак-Кула” 5:0;

“Талас шаары” жана “Тянь-Шань” 6:0;

“Ак-Илбирс” жана “Сокулук” 4:2;

“Достук” жана “Мурас” 11:4 (жогорку лига);

“Сары-Өзөн ” жана “Ош”;1:10 (40 жаш);

“Талас” жана “Жети дубан” 3:2 (40 жаш).

 

Бүгүнкү, 16-марттагы оюндардын тизмеси:

Саат 10:00-10:55 “Жети-Аке” жана “Өзгөн”;

Саат 11:00-11:55 “Намыс” жана “Ачы”;

Саат 12:00-12:55 “Алтын Альянс” жана “Ак-Шумкар”;

Саат 13:30 “Сары-Өзөн” жана “Ош шаары” (40 жаш);

Саат 15:00 “Ийгилик” жана “Саякбай-Ата”;

Саат 16:00 “Бакай-Ата Дөөлөт” жана “Улар”.

Бөлүшүү:
Next Post

 "Сапат" дагы бир окуучусун  атактуу университетке аттандырды

Эл аралык “Cапат” билим берүү мекемесине таандык Кембридж ЮВИС- 1 (Юнайтед Ворлд Интернешнл Скул) лицейинин эң мыкты окуучусу Тилек Аскербеков дүйнөнүн эң атактуу Университети делген Масачусет техникалык Университетине өттү. Эми ал аталган  Университетте 100 пайыз женилдик менен окуйт. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн