Ник Вуйчич: “Менин колу-бутум жок, бирок ашыгымды жүрөгүм менен кучактаймын”

Автор

Дүйнөнүн эң эрктүү адамы колу-буту жок төрөлсө да бактылуу жашап,балалуу болгон.

Ник Вуйчич – чыныгы адамдын духу күчтүү жана кубаттуу болоорун дүйнөгө тастыктаган адам. Ал эки колу, эки буту жок экендигине карабай өрнөктүү өмүрдө жашап келатат. Ник 1982-жылы 4-декабарда Австралиянын Брисбен шаарында төрөлгөн. Анын энеси медайым, атасы дин кызматкери болгон. Баланын тукум тарабы да жакшы жана энесинин боюнда бар кездери деле ойдогудай өткөн. Дүйнөнүн эң эрктүү адамы колу-буту жок төрөлсө да бактылуу жашап, балалуу болду. Жаш үй- бүлө биринчи баласынын көз жарышын чыдамсыздык менен күтүшкөн. Ал эми баласынын төрөлүшүнө атасы кошо катышкан. Адегенде атасы ымыркай баласынын ийнин көрүп, колу жок экендигине шок болот. Анын жубайын чочутуп албайын деп сыртка атып чыгат. Төрөттөн кийин доктур жанына келгенде:

 

-“Менин балам… анын колу жокпу?!”деп мукактанып сурайт

 

-“Ооба, сиздин балаңыздын колу жок, буту да жок”, – дейт доктур.

 

Андан кийин баланы энесине көрсөтүшкөн эмес. Кийинчерээк энеси баласын кабылдабай, бооруна кысып, эмизе албай жатты. Арадан төрт ай өткөндөн кийин баласына көнүп, бага баштаган.

“Кудайым ай! Мага колу, бутумду бере көр”

 

Дүйнөнүн эң эрктүү адамы колу-буту жок төрөлсө да бактылуу жашап, балалуу болду. Убакыт өтүп Ник сол бутундагы анча мынча манжалары менен өбөктөп басып, компьютерде ойногонду жана сууга түшкөндү үйрөнөт. Ата энелери көпкө чейин баласын адаттагы эле мектепке алуусун суранышкан. Ошентип, Ник адаттагы мектепте окуган биринчи майып бала болгон. Мугалимдер баланын абалын көрүшүп, өзгөчө мамиле кылышкан. Ар кечте Ник жатаарда “Кудайым ай! Мага колу,бутумду бере көр”- деп жалынып, жалбарчу. Ата – энеси анын бир аз да болсо тилектери ишке ашсын дешип, электрондук желим кол жасатып беришет. Бирок Ник жасалма колдорду көтөрө албай коет.

 

Өзүмдү өзүм өлтүрө албайм

 

Ник 8 жашында өзүн – өзү өлтүрүүнү чечет. Энесинен ваннага өзүм түшөм деп суранат. Ошондогу окуяны мындай эскерет. “Мен сууга көмкөрөмдөн жаттым, бирок кармана албай томолоно бердим. Улам эле калкып калам.

Такыр чөгө албадым. Ошол учурда мен өлгөнүмдү элестеттим. Атам менен энем ыйлап турушат…. Ошондо гана өзүмдү өлтүрбөшүм керектигин түшүндүм. Болду, деги эле ата-энемден эмне жамандык көрдүм, дайыма мага болгон сүйүүлөрүнө гана бөлөнбөдүмбү”, – деп эсиме келдим.

 

Эмнеге жашаарымды түшүндүм

Ал өмүр боюу кадимки адамдар сыяктуу жашай албастыгын, келинчегин колго алып, бала жетелеп, бактылуу болбостугун дайыма ойлогон. Бирок бир жолу 19 жашында Никти өзү окуган университетте студенттер алдында тагдырын айтып берүүсүн суранышат. Ник сүйлөп жатканда 3 мүнөт өтпөй залдагылар ыйлай башташат. Бир студент кыз көпкө чыдай албай колун көтөрүп: “Сизди кучактасам болобу?” дейт. Ник ушунчалык таң калат. Себеби кыз келип кучактап, анан эч ким ага жакшы көрөөрүн айтпагандыгын жана сен сулуусун, кандай болсоң ошондой жакшы көрөбүз дебегендигин айтат. Ошондон кийин Ник такыр өзгөрүлүп, бул жашоодо эмне менен алек болоорун түшүнөт.

 

Жашоонун чексиздиги

Бүгүнкү күндө Ник Вуйчич тажрыйбалуу чечен адам. Ал жылына 250 жолу жолугушууларда сөз сүйлөйт. Азыркыга чейин 20 ашык өлкөдө болуп кайтты. Ник абактарда, чиркөөдө, мектептерде жана балдар үйлөрүндө жолугушууларга катышат. Ал адамдардын өзү өзүнө ишенүүсүнө жардам берет. Ар бир өткөн күнгө кубанып,топук кылып кудайга ишенүүгө чакырат. Качан көчөдөгү балдар чуркап келип, эмне болгондугун сураганда көзүн алайтып “Баардыгы тамекинин айынан” деп жооп берет. Өзүнүн жазган “Чексиз жашоо” аттуу китебин компьютерге өзү терген. Колу бош учурларда Ник балык улоону, гольф ойногонду жактырат.

 

 

 

Жүрөгүм менен кучактайм

2012-жылы 12-февралда Ник сүйгөн кызы Канаэ Миахарага үйлөнөт. Андан бир жыл өтпөй 14-февралда эркек балалуу болушат. Анын атын Киеши Джеймс Вуйчич коет. Бактылуу үй – бүлөнү бүт дүйнө куттукташты. Атасы ” баламдын бутунда 10 бармагы, колунда 10 бармагы бар ” деп тамашалап калат.

Дүйнөнүн эң эрктүү адамы колу-буту жок төрөлсө да бактылуу жашап, балалуу болду”Мен ойлочумун: аялымдын колунан жетелей албасам анан кайдан ата боло алам? Бирок, өзүңдү кем сезүү – бул жалган! Баардыгына татыксызмын дегениң да жалган! Дүйнөдө канчалаган адамдар өздөрүнө өздөрү ишенишбейт. Мына менен аялымды жетелегенге колум жок. Бирок убактысы келгенде кудай мага аялды да берди. Эми мен аны жүрөгүм менен кучактай аламбы?”, – дейт Ник.

Бөлүшүү:
Next Post

Түркияда күчү 4,9 баллга жеткен жер титирөө болду

Түркиянын Адана провинциясында күчү 4,9 баллга жеткен жер титирөө болгонун табигый кырсыктарды башкаруу агенттиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:46да Саимбейли аймагында катталган. Жер титирөөнүн очогу 6,67 чакырым тереңдикте болгон. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн