Неймар “Аль-Хилал” клубунан кетиши мүмкүн

Автор

Сауд Арабиянын “Аль-Хилал” клубунун жетекчилиги кышкы трансфер терезесинде 31 жаштагы бразилиялык Неймар менен келишимди токтотуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат.

Маалыматтарга караганда, клуб сол коргоочу позициясын бекемдөөнү көздөп жатат.

Октябрда Неймар 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугуна тандоо турниринин алкагында Бразилиянын курама командасынын Уругвайга каршы беттешинде (0:2) сол тизесинин жаракат алган. Анын калыбына келиши алты айдан ашык убакытты талап кылат.

31 жаштагы Неймар саудиялык клубга 2023-жылы жайында өткөн. Анын трансфери үчүн “Аль-Хилал” ПСЖга 90 миллион евро төлөп, футболчу өзү 2025-жылга чейин келишим түзгөн. Анын шарттарына ылайык, Неймар жылына 100 миллион евро алат.

ПСЖдан өткөндөн кийин Неймар “Аль-Хилал” үчүн 5 беттеш өткөрүп, 1 гол киргизип, 3 ассист жасады.

Бөлүшүү:
Next Post

15-ноябрда күтүлгөн аба ырайы

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 15-ноябрда жаан-чачын болбойт.   Абанын температурасы:   Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 15…20,   Талас жергесинде түнкүсүн 0…-5, күндүз 14…19,   Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 1…6, күндүз 16…21,   Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11,   Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 5…10,   Бийик тоолуу аймактарда […]

Сизге жагышы мүмкүн