НАТО Украинага 65 миллиард евролук курал-жарак берди

Автор

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг аскердик жаңжал башталгандан бери альянстын өлкөлөрү Украинага жалпы суммасы 65 миллиард евролук курал-жарак жеткиргенин айтты.
Брюсселдеги пресс-конференцияда «Союздаштар Украинага 65 миллиард евро аскерий жардам көрсөтүштү. Мен Украинага заманбап танктар жана башка бронетранспортерлор келе баштаганын кубаттайм»,-деди.
Анын айтымында, жакынкы келечекте НАТО өлкөлөрү Украинага аскердик колдоо көрсөтүүнү күчөтүүнү көздөп жатышат. Андан тышкары Киевге советтик куралдан батыштыкына өтүүдө жардам берет.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте тергөөчү пара талап кылууга шектелип кармалды

Бишкекте пара алууга шектелип Биринчи май РИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, ИИМдин ички тергөө кызматынын кызматкерлери УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте 20 миң сом акча каражатын опузалап пара талап кылган деп шектелген жаранды кармоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чараларын өткөрүштү. «Ыкчам-тергөө иш-чараларын […]

Сизге жагышы мүмкүн