НАТОнун баш катчысы жаман кабарга даяр болууну эскертти

Автор

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг союздаштарын Украинага колдоо көрсөтүүнү улантууга чакырды.  Болбосо, Түндүк Атлантикалык альянс “жаман кабарга даяр болушу керек”,-деди.
“Биз түшүнүшүбүз керек, эгерде президент Путин жеңсе, Украинаны трагедия күтүп турат. Бул биз үчүн да кооптуу. Андыктан Украинанын аман калышы өзүбүздүн кызыкчылыгыбызда”,-деди ал.
НАТОнун баш катчысы акыркы бир нече айда олуттуу жылыш болбогонун мойнуна алды. Ошондой эле ал Батыштын жетишсиз колдоосунан улам кырдаал курчушу мүмкүн деп эсептейт.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 4-декабрга карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 89.2 сомдон болсо, сатуу  89.6 сом  болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 89 сом 18 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн