Муфтият битир-садаганын өлчөмүн бекитти

Автор

Муфтият 2024-жылдагы битир-садаганын өлчөмүн бекитти. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан кабарлашты.
Быйылкы Орозо айында берилүүчү битир-садага 1 адамга 1 килограмм 600 грамм буудайдын баасына барабар. Базар баасы менен алганда ар бир адамга 50 сомдон эсептелди.
Буудайдан сырткары ун (1 кг 600 грамм), мейиз (1 кг 600 грамм), арпа (3 кг 200 грамм), курма (3 кг 200 грамм) менен берсе болот. Базар баасы менен алганда мейиз – 680 сом, ун – 75 сом, арпа 85 сом болсо, курманын баасы 850 сомду түздү.
Эскертүү: Битир-садага берүүчү адам жогоруда көрсөтүлгөн баалардын кайсынысынан чыгарса өз ыктыяры. Бей-бечара муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөгүнөн чыгаруусу абзел

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн унаа жолдордо кар көчкүлөр атайылап түшүрүлөт

Бүгүн, 7-мартта айрым унаа жолдорунда кар көчкүлөр атайылап түшүрүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, кырсыктардын алдын алуу, адам өмүрүн сактоо жана материалдык чыгымдарды болтурбоо максатында төмөнкү жолдордо кар көчкүлөр мажбурлап түшүрүү, Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 293-306-чакырымында жана Каракол – Эңилчек унаа […]

Сизге жагышы мүмкүн