Бейрутта Хезболла, Хамас лидерлери жолугушту

Автор

Ливандын “Хезболла” тобунун лидери Хасан Насралла Бейрутта палестиналык “Хамас” жана “Ислам жихады” топторунун лидерлери менен жолугушканын Reuters агенттиги ливандык “Аль-Манар” телеканалынын кабарына таянып билдирди.
Телеканал кабарлагандай, жолугушууда өзгөчө Газа тилкесинде “каршылык көрсөтүүнүн чыныгы жеңишине жетишүү үчүн” эмне кылуу керектиги талкууланды. Эл аралык аренадагы позициялар жана тараптар эмне кылышы керектиги боюнча баа берилди. Координациялоону улантуу боюнча макулдашууга жетишилди»,-деп айтылат «Аль-Манар» макаласында.
7-октябрдан бери Израиль менен ХАМАС кыймылынын ортосундагы согуш уланууда. Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги 6 миң киши көз жумганын кабарлады, Израил курмандыктардын санын 1,4 миң деп эсептеди.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Садыр Жапаров  Жалал-Абадга барат

Президент Садыр Жапаров 26-27-октябрда иш сапары менен Жалал-Абад облусуна барат. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады. Жапаров Жалал-Абад шаарынын күнүнө арналган иш-чараларга катышып, бир катар социалдык объекттердин курулушунун жүрүшү, ички жолдордун абалы, ошондой эле ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышат. Майрамдык иш-чаралар — Аюб-Тоо тоосунда мамлекеттик тууну көтөрүү жана «Курманбек» […]

Сизге жагышы мүмкүн