Мурдагы айыл чарба министри Эркинбек Чодуев кармалды

Автор

Мурдагы айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.
Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу жана мамлекеттик органдардагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттердин алкагында КРнын мурдагы Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин коррупциялык жана алдамчылык ишмердүүлүгү боюнча маалыматтар алынды.
КР Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пункту (Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)) туралуу каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, КРнын мурдагы айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Э.Ч. “Лиматекс пахта корпорациясы” ЖЧКсынын аткаруучу директору болуп туруп, компаниянын Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагында жайгашкан, жалпы аянты 50 гектардан ашык жер участокторун мыйзамсыз менчиктештирүү жолу менен жеке тараптарга сатып жибергендиги аныкталган.
Келтирилген зыян алдын ала 500 млн сомго бааланууда.
Топтолгон далилдердин негизинде мурдагы министр Ч.Э.У. (Чодуев Эркинбек Урайымович) кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда аталган коррупциялык ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу иштери жүрүп жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Кезекте ким бар?

Парламент 13-депутат менен коштошту. Мындан улам кээ бир депутаттардын түн уйкусу качып жатабы? Белгилүү болгондой, өлкөбүздүн белдүү басылмалары кийинки кезек депутат Бактыбек Сыдыковго келгенин жазып, коңгуроо кагышууда. Аталган депутаттын 4-октябрь 2020-жылда «Мекеним Кыргызстан» партиясынын 22-тизмеси менен парламенттик шайлоого аттанганы коомчулуктун талкуусуна жем таштады. Ошол эле партиянын 7-тизмеси менен Марлен Маматалиев, […]

Сизге жагышы мүмкүн