Бишкектеги “Фрунзе – 1” авиабазасында Ми-8 тик учагы кырсыкка учурады. Бул тууралуу “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
“Жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:55те “Фрунзе – 1″ авиабазасында Ми-8 аскердик тик учагы кулап түшкөн. Борт 203. Экипаждын тагдыры азырынча белгисиз. Кошумча маалымат берилет”, — деп айтылат билдирүүдө.
Шар Янв 17 , 2024
Бишкектин четиндеги Ми-8 аскердик тик учагынын кыйрашынан бир аскер кызматкери каза болуп, сегизи жабыркады Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, жабаркагандардын төртөө жандандыруу бөлүмүндө, бирөөнүн абалы өтө оор, ал эми үчөөнүн абалы дагы оор экендиги айтылды. Алардын баары медициналык тез жардам ооруканасына жаткырылды. Коргоо министрлигинин жана Куралдуу күчтөрдүн Аскер-аба күчтөрүнүн тиешелүү кызматкерлери […]