Министр көз жумгандан кийин донор болууга макул болду

Автор

Казакстандын Саламаттыкты сактоо министри Ажар Гиният каза болгондон кийин донор болууга макул экенин билдирди. Бул боюнча суроого “Макулмун”,-деп жооп берип, донор болгусу келген казакстандыктардын пайызынын төмөндүгүнө токтолду.
“Көптөгөн өлкөлөрдө өлүк донору көйгөй болуп саналат. Маселе медициналык эмес, моралдык-этикалык көйгөйлөр бар. Калк өлгөндөн кийин органдарын тирүү калтырууга даяр болушу керек”,-деген министр кандай гана жаран болбосун, электрондук өкмөт аркылуу органын тапшыруу боюнча керээз кат жазса болорун эске салды. Анын айтымында, 40 миң казакстандык өз позициясын билдирип, алардын 15 пайызы макулдугун берген.
«Декабрда чоң трансплантациялар болду. Эки донор тогуз адамдын өмүрүн сактап калды. Биз талкуулайбыз жана мыйзам долбоорун даярдайбыз»,-деди Гиният. «Казакстан Халкына» фондунун маалыматы боюнча өлкөдө 4 миң адам тез арада органдарды алмаштырууга муктаж.

Бөлүшүү:
Next Post

Салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгү башталды

Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгүн баштады. Салык кызматынан билдиришкендей, кезектеги декларациялык өнөктүк эки этапта өтөт: 1-апрелге чейин – юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер; 1-майга чейин – жеке жактар жана жеке ишкерлер декларация тапшырышат. Ушул жылдын 1-апрелине чейин салык декларациясын мамлекеттик жана муниципалдык […]

Сизге жагышы мүмкүн