Министр Газа тилкесинде толук масштабдуу чабуулга өткөнүн жарыялады

Автор

Израиль армиясы Газа тилкесине толук масштабдуу чабуулун баштады.  Бул тууралуу еврей мамлекетинин коргоо министри Йоав Галант билдирди.
“Мен бардык чектөөлөрдү алып салдым, биз көзөмөлдү калыбына келтирдик  жана  толук масштабдуу чабуулга өтүп жатабыз”,- деди министр.
Галант бул тууралуу Газа тилкеси менен чек арага жакын жерде Израиль аскерлери менен жолугушууда билдирди.  Аларга кайрылып,  масштабдуу милдеттер жүктөлөрүн баса белгиледи.    Хамас Газада өзгөрүүнү каалаганын,  баары алар күткөндөн 180 градуска өзгөрөөрүн жана ушул учурга өкүнүшөрүн билдирди.  “Газа эч качан мурунку абалына кайтып келбейт”,-деди Израилдин Коргоо министрлигинин башчысы.

Бөлүшүү:
Next Post

2028-жылы футбол боюнча Европа чемпионаты Улуу Британия менен Ирландияда өтөт

2028-жылы футбол боюнча Европа чемпионаты Улуу Британия менен Ирландияда өтөт. Бул тууралуу Швейцариянын Ньон шаарындагы Европалык футбол ассоциацияларынын биримдигинин (УЕФА) штаб-квартирасында өткөн жыйынында  айтылды.   — Арыз бергендерди куттуктагым келет. 2028-жылкы Европа чемпионатынын кожоюну Улуу Британия менен Ирландия болорун УЕФАнын башчысы Александр Чеферин билдирди.   Өткөн жылдын ноябрында УЕФА Евро-2028ди […]

Сизге жагышы мүмкүн