Милдеттүү түрдө беткап режими киргизилди

Автор

Казакстандын Мажилисинин аймагында 7-февралдан тарта милдеттүү түрдө беткап кийүү жана башка профилактикалык иш-чаралар киргизилди.
«Президенттик аппараттын Медициналык борборунун башкы санитардык дарыгеринин жарлыгына ылайык, февраль айынан тарта коронавирус инфекциясы боюнча жагымсыз эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, Жогорку Кеңештин имаратынын аймагында милдеттүү түрдө беткап тагуу жана башка профилактикалык иш-чаралар киргизилген. Жыйындар жана башка массалык иш-чаралар онлайн форматка которулат же беткап кийүү режимин жана санитардык нормаларды катуу сактоо менен өткөрүлөт»,-деп жазылган билдирүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Зеленский болушунча энергиялуу иштеп жатканын айтты

Президент Владимир Зеленский 2024-жылы Украинанын аба калканчын бекемдеп, алыскы аралыктагы мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууну жана Россияга “максималдуу системалык жоготууларды” келтирүүнү пландоодо. Анын айтымында, Украина россиялык активдер боюнча чечим тезирээк кабыл алынышы үчүн өнөктөштөр менен «мүмкүн болушунча энергиялуу» иштеп жатат. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн