Месут Өзил АК партиядан депутаттыкка талапкер болду

Автор

Акыркы айларда футболдон кеткен Месут Өзилдин саясатка келгени белгилүү болду. Карьерасында Реал Мадрид, Фенербахче, Арсенал сыяктуу жогорку деңгээлдеги командалардын футболкасын кийген  Өзил АК партиядан депутаттыкка талапкерлигин койду.

Партиялардын Жогорку шайлоо кеңешине депутаттыкка талапкерлердин тизмелерин берүү аяктап жатканда талапкерлердин арасында Месуттун да бар экени белгилүү болду. Тизмеде күтүлбөгөн ысымдар боло турганын мурда жарыялаган президент Режеп Таййип Эрдогандын Месут Өзилди көрсөткөнү айтылды.

Түрк  футбол жылдызы Германиянын улуттук командасынан кетип, 2020-2021-сезон арасында Фенербахчеге өткөн. Бул жерде күтүлгөн оюн көрсөтө албаган тажрыйбалуу оюнчу, жетекчилик менен болгон пикир келишпестиктерден кийин 2022-2023 жайкы трансфер мезгилинде Башакшехирге кол койгону менен жаракатынан улам күткөн мүмкүнчүлүктү таба алган жок. Белинен оор жаракат алып футболду таштап кеткен Месут 7 гана беттеш өткөрүп, 142 мүнөт  оюн талаасында болду.

Бөлүшүү:
Next Post

Мобилизацияланган аскер үйүнө кетпеген себебин айтты

Жарым-жартылай мобилизациянын алкагында атайын аскердик операциянын аймагына келген россиялык аскер кызматкери өзүнүн үч баласына карабай үйүнө кайткан жок. Ал инисине каралашып калганы менен түшүндүрдү. “Үч балам бар. Үйгө кайтмакмын. Бирок мен баш тарттым. Иним да бул жакка чогу чакырылган. Апам ага көз салып жүрүүмдү суранган. Ошондон улам үйгө кайтуудан баш […]

Сизге жагышы мүмкүн