Бүгүндөн тарта “Ала-Тоо” аянты оңдоп-түзөөгө жабылат

Автор

Бүгүн, 27-апрелден тарта Бишкектин “Ала-Тоо” аянты реконструкциялоого жабылат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Жумуш убагында Ардак кароол алынат.
Аянттын борбордук бөлүгүндөгү, батыш жана чыгыш тарабындагы фонтанга келген суу түтүктөрүн жаңылоо, фонтандын сырткы конструкциясын өзгөртүү мерчемделүүдө.
Архитектура жана шаар куруу эстелиги болуп саналган “Ала-Тоо” аянтынын азыркы композициясы “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасы даярдаган жаңы концепциянын өзөгүн түздү. Аталган ишкана 100 метрлик желексаптын долбоорун да иштеп чыкты. Учурдагы желексаптын бийиктиги 45 метрди түзөт.
Белгилей кетсек, курулуш жумуштары маалында унаалар үчүн жол жабылбайт. Эс алуу жайлары гана жабылат.

Бөлүшүү:
Next Post

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 100 миң сомдон берилет

Президент Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө тескемеге кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Чечим 1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин дүйнөлүк тарыхый маанисин, ошондой эле Жеңиштин 79 жылдыгын белгилөөнү эске алуу менен кабыл алынды. 2024-жылдын 1-апрелине карата Кыргызстандагы Улуу […]

Сизге жагышы мүмкүн