“Ак шумкарлар” Иранга 1:5 эсебинде  утулуп калды

Автор

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Ирандын футболчуларына 1:5 эсебинде утулуп калды.

Эки өлкөнүн курама командалары борбор азиялык CAFA Nations Cup турниринин алкагында Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо беттешти.

Атаандаштардын дарбазасына улуттук команданын жалгыз голун оюндун экинчи бөлүгүндө Мирлан Мурзаев киргизди.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы эми CAFA Nations Cup турнириндеги 3-орун үчүн кезектеги беттешти Ташкентте өткөрөт. Оюн 20-июнга белгиленген. Атаандаштары эртең Ташкентте өтө турчу Оман-Түркмөнстан жана Өзбекстан-Тажикстан оюнунун жыйынтыгында белгилүү болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров Палестинанын президенти Махмуд Аббас менен жолукту 

Президент Садыр Жапаров бүгүн Пекин шаарынан мамлекеттик сапардан кийин (Кытай Эл Республикасы) келе жатып, кайрылып, Кыргызстанга сапар жасаган Палестина Мамлекетинин президенти Махмуд Аббас менен жолугушту. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кыргыз-Палестина эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелери жана биргелешкен өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды. Садыр Жапаров […]

Сизге жагышы мүмкүн