Мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыганы Эркебаевдин 70 жылдык маарекеси белгиленди

Автор

Бүгүн, 14-сентябрда  Жогорку Кеңештин жыйынында  мамлекеттик жана коомдук ишмер, Жогорку Кеңештин 1-чакырылышынын Эл өкүлдөр жыйынынын,  2-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаевди 70 жылдыгына катата  маарекелик иш-чара өттү.

Аземге парламенттин мурдагы төрагалары, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер катышты. Алгач Абдыганы Эркебаевдин өмүр жолун чагылдырган тасма көрсөтүлдү.

Маареке ээсин 70 жылдыгы менен куттуктаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев анын ар кандай мамлекеттик кызматтарда сиңирген эмгегин жана республиканын өнүгүшүнө кошкон салымын белгиледи. «Сиз Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты жана төрагасы катары Кыргызстанда парламентаризмдин өнүгүшүнө өзгөчө салым коштуңуз. Сиздин басып өткөн жолуңуз, мамлекеттин кызыкчылыгын коргоодогу ак ниеттүүлүгүңүз элге кызмат кылуунун үлгүсү», – деп баса белгиледи Төрага Нурланбек Шакиев.

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун куттуктоосунун текстин окуп берди. Муну менен катар мурдагы  экс-спикер Медеткан Шеримкулов, экс-премьер-министрлер Апас Жумагулов, Турсунбек Чынгышев, Конституциялык соттун экс-төрайымы Чолпон Баекова, КР УИАнын вице-президенти Чолпонкул Арабаев куттуктоо сөзүн айтышты.

Иш-чаранын соңунда Абдыганы Эркебаев куттуктоолор үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга токтолду.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда эт өндүрүүнүн көлөмү 1,3%га жогорулады

Кыргызстанда 2023-жылдын 1-сентябрына карата өлкөнүн бардык категориялардагы чарбаларында тирүүлөй салмакта 266,8 миң тонна эт өндүрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, быйыл сегиз айда эт өндүрүү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3484 тоннага же 1,3%га көп өндүрүлгөн. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн