Май айында электр энергиясына болгон тариф көтөрүлөт

Автор

Министрлер кабинети май айында электр энергиясына болгон тарифти кайра карап чыгат. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.
Энергетика министрлиги электр энергиясына жаңы тарифтерди сунуштай элек. Болгону аларды киргизүүнүн мөөнөтүнө карата өзгөртүү киргизүүнү сунуштайт. Башкача айтканда, буга чейин июнь айында тарифтерди жөнгө салуу пландалган болсо, эми май айында өзгөртүлөт.
Министрлер кабинети 2021-2025-жылдарга электр энергиясына орто мөөнөттөгү тариф саясатын бекиткен. Ал инфляцияны эске алганда 2025-жылга чейин бардык керектөөчүлөр үчүн каралган.
«Энергетика тармагындагы тартыштыкты жабууга кошумча каражаттарды алуу үчүн долбоор электр энергиясына тарифтерди тактоо мөөнөтүн 1-июндан 1-майга жылдырууну сунуштайт», — деп айтылат негиздемеде.

Бөлүшүү:
Next Post

Бектур Асановго Стамбулда операция жасалат

Кемпир Абад окуясы боюнча айыпталып, камакка алынган Бектур Асанов Стамбулда операция жасатат. Бүгүн, 19-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту анын бөгөт чарасын өзгөртүп, чет өлкөгөдөн дарыланып келүүгө уруксат берди. Белгилей кетсек, Кемпир Абад окуясына байланыштуу 25 адам кармалып, 11и камакта, калган, 14 кишинин бөгөт чарасы үй камагына өзгөртүлгөн. Соттолгондор 2022-жылдын […]

Сизге жагышы мүмкүн