Бишкекте Иран киносунун күндөрү өтөт

Автор

Бишкек шаарында Иран киносунун күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, маданий иш-чара 23-25-январь күндөрү Ирандын Кыргызстандагы элчилигинин алдындагы Маданий өкүлчүлүгү КР Кинематография департаменти менен биргеликте маданият жана кинематография тармагындагы кызматташтыктын алкагында өткөрөт.
“Бул күндөрү борбор калаанын тургундары 2017-2022-жылдар аралыгында тартылган Ирандын заманбап кинорежиссёрлорунун түрдүү жанрдагы, анын ичинде дүйнөлүк кинофестивалдарда бааланган тасмаларды көрө алышат”, – деп айтылат маалыматта.
Кино күндөрүнүн расмий ачылышы 23-январда саат 14:00дө “Манас” кинотеатрынын чоң залында өтүп, “Үмүт периштеси” аттуу тасма тартууланат.

Бөлүшүү:
Next Post

Зинакан Пасаңова: Умай эне (аңгеме)

Умай энелүү болгон кандай жакшы. Анткени, ал түн ичинде уктап жатканында Айдан түшүп келип, анын жаздыгынын алдына эң таттуу нерселерди таштап кетет. Акылбектин эмне каалаганын да күн сайын билип турат. Кечээ «киндер-сюрприз» момпосуюн суранды эле. Эрте менен ойгонгондо өзү жаткан жаздыкты көтөрүп караса жумурткудай сүйрү, ичинде оюнчугу бар шоколад жатыптыр. […]

Сизге жагышы мүмкүн