Мадумаровду жоопко тартуу маселесин караган комиссия чогулду

Автор

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду жоопко тартуу маселесине байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссия бүгүн, 5-июнда алгачкы отурумга чогулду. Анда “Ыйман Нуру” фракциясынан катышкан Динара Ашимова депутаттык комиссияга жетекчи болуп  шайланды.

Ал эми кийинки жыйын шаршемби күнгө пландаштырылган.

Эске салсак, 31-майда парламенттин жалпы жыйынында төрага Нурланбек Шакиев баш прокурордон Мадумаровду Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка даярдык көрүү”, “Жапырт башаламандык”, “Бийликти күч менен басып алуу” жана “Бийликтен аша чабуу” деген беренелеринин негизинде жоопко тартуу боюнча сунуштама түшкөнүн билдирген.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандык окуучулар математика боюнча эл аралык олимпиадада үч медаль утту

Кыргызстандык окуучулар өспүрүмдөр арасындагы математика боюнча эл аралык Аль-Хорезми олимпиадасында алтын, күмүш жана коло медалдарга ээ болушту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, олимпиада 9-майдан 4-июнга чейин Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүп, ага Азербайжан, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан 72 окуучу катышты.   Кыргызстан командасы: […]

Сизге жагышы мүмкүн