“Мадина” базарынын ээси Турсунтай Салимовдун уулуна издөө жарыяланды

Автор

“Мадина” базарынын ээси Турсунтай Салимовдун уулу Илшат Салимовго издөө жарыяланды. Ал крим чөйрөнү каржылоо жана арам акчаны адалдоо боюнча айыпталууда. Илшат Салимов бизнес өнөктөштөрүн коркутуу менен бизнес долбоордогу үлүштөрүнөн баш тарткызып, андан түшкөн каражат аркылуу Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылап турган делет УКМКнын маалыматында.

Ата-бала 1995-жылы мурдагы бала бакчаны мыйзамсыз ээлеп алып, ал жерге “Прадо” эс алуу жайын курган. Ал жерди мыйзамдаштыруу багытында кээ бир компаниялар менен үй куруп, келишим түзүшкөн. Кийин ал батирлерди Камчы Көлбаев Чопон – Атада Соода борборун куруу максатында жерге алмаштырганы белгилүү болгон. Илшат Салиев Бишкек шаарында 3 гектардан ашык жерге 12 млн долларды түзгөн 110 батири бар курулушта үлүшү бар экенин айтылды. Ошондой эле ал Чолпон – Атада “Каганат” эс алуу борборунда 600 миң долларлык котеджи курулуп жаткан “Каганат Резорт” борборунда баасы 700 миң долларлык коттеджи, шаар ичинде 700 миң долларлык бир нече батирлери аныкталган. Ал бир нече тармактар боюнча компанияларга ээлик кылат делет.

Бөлүшүү:
Next Post

Айдоочуларга эскертүү! Бүгүн Бишкектин  бир нече көчөлөр  жабылат (Тизме)

Бүгүн , 21-ноябрда “Кыргызстан-Оман”  беттеши болот. Буга байланыштуу Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун аймагында унаа кыймылы үчүн убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. Ошентип, төмөнкү көчөлөрдө саат 14:00 до 22:00гө чейин убактылуу чектөө киргизилет: Тоголок Молдо көчөсү — Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсунө чейин; Фрунзе көчөсү — Тоголок […]

Сизге жагышы мүмкүн