Лукашенко кайрадан президенттик шайлоого катышмакчы

Автор

Беларуссиянын президенти Александр Лукашенко 2025-жылы өтө турган президенттик шайлоого катышууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу ал журналисттерге билдирди.
“Бизди алдыда кыйын мезгил күтүп турат, андыктан профессионалдуулуктан тышкары белорус элине берилгендик да болушу керек”, – деди Лукашенко өз тандоосун түшүндүрүп.
25-февралда Беларуста VIII чакырылыштагы Улуттук жыйындын Эл өкүлдөр палатасына жана жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо өтүп жатат.
Өлкөдө президенттик шайлоо 2025-жылдын 20-июлунан кечиктирилбестен өтүшү керек.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандык боксчулар эл аралык мелдеште 3 медаль жеңди

Кыргызстандык боксчулар Россияда өткөн эл аралык мелдеште 2 алтын жана 1 коло медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, КР бокс боюнча жаштар курама командасынын мүчөлөрү Зафарбек Камилов (51 кг), Мырзакир Кошалиев (+92 кг) жана Амантур Жумаев (54 кг) Комсомольск-на-Амуре шаарында өткөн эл аралык […]

Сизге жагышы мүмкүн