Ленин шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлердин саны  14кө жетти

Автор

Бишкектин Ленин району боюнча Жогорку Кеңешке шайлоого катышууну каалагандардын саны 14ге жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Бүгүнкү күнгө  карата БШКга депутаттыкка талапкерлигин көрсөткөн Нургүл Сооронбаева жана Мурат Эсенамановдон арыз келип түшкөн.

Ленин району боюнча шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз менен кайрылгандар:

 

Эртай Искаков

Аскар Алмаз уулу

Эркин Бөлөкбаев

Роман Ремнев

Турсунбай Бакир уулу

Куттубек Асылбеков

Назарбек Нышанов

Сулайман Мамаев

Токтогул Какчекеев

Жаныбек Абиров

Русланбек Тагаев

Бакыт Шаршембиев

Нургүл Сооронбаева

Мурат Эсенаманов

Кошумчалай кетсек, Бишкектин Ленин району боюнча Жогорку Кеңешке кайра шайлоо 10-сентябрда өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Келемиштер стадионду басты

Трибунада матч маалында күн караманын данын чайнаган испан футболунун эски салты  «Валенсия» клубу ойногон «Месталла» стадионунда көйгөй жаратты. Аренаны келемиштердин тобу  ээлеп алышкан. Валенсиялыктардын күйөрмандары тарабынан стенддерде салттуу түрдө көп санда калтырылган күн карама уруктарынын калдыктары  стадионго жанаша жайгашкан кварталдардагы кемирүүчүлөрдүн көңүлүн бурду. Келемиштер уруктардын калдыктарынан пайда көрүү үчүн беттештердин […]

Сизге жагышы мүмкүн