Камчыбек Ташиев, УКМК төрагасы: “Биздин катарыбызда да коррупционерлер бар”

Автор

Жогорку Кеңештин 4 жолку депутаты Араван районундагы стадиондун тең жарымын ээлеп алган. Өткөн жумада улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы мамлекетке кайтарганын, анын жалпы суммасы 350 млн сомду түзөөрүн Камчыбек Ташиев билдирди.
“Достук” мейманканасынын 36 пайыз үлүшүн митаамдык менен ээлеп алышыптыр. Анын суммасы да, 300 млн сомдон ашык, кечээ ал да мамлекеттин эсебине өттү. Негизи, мамлекеттин мүлктөрү жеке тараптарга өтүп кеткени мыйзамсыз”,- деди УКМК төрагасы. Ошондой эле ал өздөрүнүн кызматкери акча талап кылуу беренеси менен колго түшкөнүн айтып, “биздин катарыбызда да, коррупционерлер бар. Бирок, эл мамлекеттик кызматкерлердин ичинен эң көп УКМКга ишеним артат экен”,- деген. Ал эми Араван районундагы стадиондун бир бөлүгүн ээлеп алган экс-депутаттын аты-жөнүн ачыктаган жок.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстан суу каптоодон жабыр тарткан казак элине гумжардам жөнөттү

Бүгүн, 6-апрелде Кыргызстан суу каптоодон жабыр тарткан боордош казак элине гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, түнкү саат 4:00дө ӨКМдин гумжардам кербенин министр Бообек Ажикеев Бишкек шаарынан узатты. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жалпы 300 тонна гумжардам даярдалган. Суу каптоодон жабыр тарткан Казакстандын калкына күрүч, […]

Сизге жагышы мүмкүн