Дүйнө лидерлери Эрдоганды президент болушу менен куттукташты

Wp Pw
0 0
Read Time:59 Second

Түркиядагы президенттик шайлоодо Режеп Тайып Эрдоган жеңишке жетти. Бир катар дүйнө лидерлери түрк саясатчысына өз куттуктоолорун жолдошууда.
АКШнын президенти Жо Байден расмий Твиттер баракчасы аркылуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганды кайрадан мамлекет башчы болуп шайланышы менен куттуктады.
“Мен НАТОнун союздаштары катары эки тараптуу маселелер жана жалпы глобалдык чакырыктар боюнча кызматташууну улантууну чыдамсыздык менен күтөм”,-деди АКШнын президенти Жо Байден.
Кремлдин расмий сайтында Путиндин атынан Эрдоганга куттуктоо жарыяланды. “Урматтуу Эрдоган мырза, кымбаттуу досум, президенттик кызматка кайрадан шайланышыңыз менен чын жүрөктөн куттуктоомду кабыл алыңыз. Шайлоодогу жеңиш Түркия Республикасынын башчысы катары сиздин жан аябас эмгегиңиздин табигый натыйжасы болду.
Орус-түрк достук мамилелерин, түрдүү тармактарда өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоого Сиздин жеке салымыңызды жогору баалайбыз”,-деп айтылат билдирүүдө.
Евробиримдик жана НАТО түрк президенти Режеп Тайып Эрдоганды жаңы мөөнөткө шайланышы менен куттуктап, түрк жетекчилиги менен жемиштүү кызматташууга үмүттөнөрүн билдиришти.
«Европа Биримдиги Түркия менен биздин жарандарыбыздын кызыкчылыгы үчүн адам укуктары, мыйзам үстөмдүгү, эл аралык укук, аймактык туруктуулук жаатындагы милдеттенмелердин негизинде жалпы гүлдөп-өнүгүшүбүз жана туруктуулук үчүн иштөөгө даяр»,-деди Жозеп Боррелль билдирүүсүндө. НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Түркия менен биргелешкен ишти, анын ичинде альянстын июлда Вильнюста өтүүчү саммитине даярдыктарды тез арада баштоого үмүттөнөрүн билдирди. Мындан тышкары куттуктоолор Германиянын, Италиянын жана Венгриянын лидерлери тарабынан айтылды.

About Post Author

Wp Pw

Happy
Happy
0 %
Sad
Sad
0 %
Excited
Excited
0 %
Sleepy
Sleepy
0 %
Angry
Angry
0 %
Surprise
Surprise
0 %
Next Post

Криштиану Роналду быйыл кубоксуз калды

Жылына рекорддук 200 миллион еврого Сауд Аравиянын “Аль-Наср”  клубуна өткөн атактуу португалиялык футболчу Криштиану Роналду  быйылкы сезондо кубоксуз калды. Ал келгенге чейин  аравиялык клуб өлкө чемпионатында алдыңкы орунда турган. «Аль-Насрдын» алдында Сауд Аравиясында чемпион болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган, бирок кышында Роналду келгенге чейин улуттук турнирде алдыңкы орунда турган. Буга чейин команда […]