Лавров менен Блинкен G20 жыйынында бири-биринен алыс отурушту

Автор

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Индияда өткөн Чоң жыйырмалыктын министрлеринин жыйынында бири-биринен алыс отурушту.
Украинада атайын операция башталгандан бери биринчи жолу көзмө-көз жолугушканы айтылууда. Анткен менен Лавров менен Блинкен 2022-жылдын февралынан кийин көп тараптуу иш-чаралардын чегинде, Индонезиянын Бали аралында өткөн G20 тышкы иштер министрлеринин жыйынында көрүшкөн. Бирок бул жолкудай эле өзүнчө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн эмес.
Делиде өтүп жаткан Чоң жыйырманын салттуу жыйынында Лавров Мексика менен Сауд Арабиянын тышкы иштер министрлеринин жанына отурду.
Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарованын айтымында, АКШ дипломатияны экинчи планга өткөрүп, дүйнөдөгү чыр-чатактын күчөшүн жактап жаткандыктан, Лавров менен Блинкендин жолугушуусу эч кандай күмөн жаратпашы керек.

Бөлүшүү:
Next Post

Колдун терисин жумшартуу үчүн эмне жакшы?

Өсүмдүк майы колдун терисин тез жана эффективдүү жумшартат, ошондой эле кышында колду үшүктөн коргойт. Бул үчүн сиз каалаган өсүмдүк майын колдонсоңуз болот: зайтун, зыгыр, бадам, кокос, кунжут майы, алоэ вера майы. Колдун териси үчүн жумасына 1 жолу эс алуучу ванналарды жасаңыз. Активдүү кам көрүү үчүн сууга деңиз тузун, чөптөрдүн кайнатмаларын, […]

Сизге жагышы мүмкүн